Ахмадка кат-наама (#15472)

Ал - Падыша, бардыгын Билүүчү, Акылман! Мына, Түбөлүктүүлүк Дарагынын бутактарына конгон Бейиш Булбулу жан жыргаткан ыйык обон менен сайрап жатат, ал адал пенделерге Кудайдын жакындыгы жөнүндөгү кубанычтуу кабарды жар салууда, Кудайдын Бирдигине ишенгендерди Айкөл Теңирдин Сарайына чакырат, эч нерсеге байланбаган такыбаларга нак Падыша, Даңктуу, Теңдешсиз Кудай тарабынан ачылган билдирүүнү кабарлап, сүйүктүүлөрүнө ыйыктыктын тактысына жана ушул нуру төгүлгөн Сулуулукка жол көрсөтүп сайрап жатат. 
Акыйкатта, ал - Элчилердин Китебинде эскертилген Улуу Сулуулуктун өзү, ал аркылуу чындык жалгандан ажыратылып, ар бир осуяттын аныктыгы ырасталат. Акыйкатта, Ал - баарынан Бийик, Кудуреттүү, Улуу Кудайдын жемиштерин бере турган Өмүр Дарагынын өзү. 
О, Ахмад! Акыйкатта, Ал - Падыша, Колдоочу, Теңдешсиз, бардыгынан Күчтүү Кудай экенине, андан башка Кудай жоктугуна күбө бол. Жана да Анын Али деген ат менен жиберилген өкүлү ырасында эле, биз баарыбыз амирине баш ийген Кудайдан экенине күбө бол. 
Айт: О, адамдар, Даңктуу, Даанышмандын Байан Китебинде жазылган Кудайдын осуяттарына баш ийгиле. Акыйкатта, Ал Элчилердин Падышасы, ал эми Анын Китеби Китептердин Энеси, ушуну билгиле. 
Караңгы зындандын түбүнөн Булбул өзүнүн бул чакырыгын кабарлайт. Ал бул анык кабарды гана жеткирүүнү көздөйт. Ким кааласа, ушул кеңештен баш тартсын, ал эми ким кааласа, өзүнүн Теңирине карай жолду тандасын. 
О, адамдар, эгерде силер ушул сөздөрдү четке кага турган болсоңор, анда Кудайга болгон ишенимиңерди кантип далилдейсиңер? Далилиңерди айткылачы, о, жалганчылардын тобу! 
Жок, менин жаным Кимдин колунда болсо, Ошонун аты менен ант берем, алар бири-бирине жардам берүү үчүн биригишсе да, муну эч качан жасай алышпайт. 
О, Ахмад! Мен жок болгон кезде белектерим жөнүндө унутпа. Өз күндөрүңдө менин күндөрүмдү эсиңе ала жүр, Менин тарткан азаптарымды, алыскы зынданда куугунтук көргөнүмдү эсиңден чыгарба. Мага болгон сүйүүңдө ушунчалык бекем бол, душмандардын кылычтары жамгырдай жаап, көк менен жердегилердин баары сага каршы турса да жүрөгүң солк этпесин. 
Душмандарым үчүн оттун жалыны бол, сүйүктүүлөрүм үчүн түбөлүктүү жашоонун өзөн суусу бол жана да күмөндүүлөрдүн катарында боло көрбө. 
Эгерде Менин жолумда азап чегип же Менин Ысымым үчүн жоготууга учурасаң, ал үчүн капаланба. 
Кудайга таян, ата-бабаларың жана өзүң ишенген Кудайыңа таян. Анткени адамдар адашуу жолунда каңгып жүрөт, алар кыраакы көз менен кулактан ажыраган, Кудайды өз көздөрү менен көрө албайт, Кудайдын обонун өз кулактары менен уга албайт. Биз аларды ушундай абалда таптык, ага өзүң күбөсүң.
Ушинтип жалган ойлор адамдардын жүрөктөрүн калкалаган көшөгөгө айланып, Бийик, Улуу Кудайдын ак жолунан адаштырды. 
Акыйкатта, чын жүрөгүңдөн ишен, бул Сулуулуктан баш тарткандар, Анын мурдагы Элчилеринен да терс бурулуп, Кудайга текеберлик көрсөткөндөр. 
Ушул Ыйык Насаатты тереңдеп оку, о, Ахмад. Өз күндөрүңдө аны обон салып ырда, андан карманба. Анткени, акыйкатта, аны ырдагандарга Кудай жүздөгөн шейиттердин сообун жана эки дүйнөдө кызмат кылууну аныктаган. Сен да ыраазылардын катарында болсун деп, Биз сага Өзүбүздүн мээрмандагыбыздын белгиси жана жакындыгыбыздын кайрымы катары ушул кут-берекени тартуу кылдык.
Кудайдын аты менен ант этем! Азап чеккен, кайгыга баткан пенденин кимиси болбосун, бул Ыйык Насаатты чын жүрөгү менен окуса, Кудай анын кайгысын таркатат, кыйынчылыгын жеңилдетет, азабынан куткарат. 
Ал, акыйкатта, Ырайымдуу, Кайрымдуу, бардык ааламдардын Теңири, даңкың арта берсин!

-Bahá'u'lláh
-----------------------

